• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт: 2020-жылдын бюджетинде саламаттык сактоо тармагына 6,6 млрд сом каралган

Өкмөт 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. 2019-жылга карата республикалык бюджетте саламаттык сактоо чөйрөсүнө 3,6 млрд сом бөлүнгөн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун 14,3 млрд сом трансферттору менен), муну менен катар 2020-жылдын республикалык бюджетинде саламаттык сактоо тармагына 6,6 млрд сом (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун 18,1 млрд сом трансферттору менен) каралган. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

COVID-19 пандемиясы өлкөнүн экономикалык абалына гана таасирин тийгизип, Кыргыз Республикасынын жөнөкөй жарандарынын жашоосуна бир кыйла түзөтүүлөрдү алып келбестен, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын ишине, республикалык бюджетти түзгөн салык жана бажы алымдарын жыйноого таасир берди.

Өлкөдө түзүлгөн жагдайга карабастан белгиленген компенсацияларды жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн быйылкы жылы республикалык бюджеттен эле 243,3 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, жасалма дем алдыруучу жабдууларын, мобилдик кычкылтек концентраттарды, жеке коргонуу каражаттарын, керектүү медициналык дары-дармектерди жана гигиена каражаттарын сатып алуу иш-чаралары каржыланган.

Жалпысынан COVID-19га байланыштуу иш-чараларды каржылоо өз убагында жана зарыл көлөмдө ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий