• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өкмөт: 2020-жылдын I кварталында жарандардан 974 кат түрүндөгү кайрылуу келип түшкөн

Өкмөт 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын жарандардын кайрылуулары секторуна 974 жазуу жүзүндө кайрылуу түштү (салыштыруу үчүн: 2019-жылдын I кварталында 1147 жазуу жүзүндө кайрылуу), анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 161 (16,5 %), (2019-жылдын I кварталында - 185 (16,8 %);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 187 (19,2 %), (2019-жылдын I кварталында - 194 (17,6 %);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына жеке кабыл алынган жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары – 180 (18,5 %), (2019-жылдын I кварталында – 171 (15,5 %);

- жарандардын электрондук порталы www.kattar.kg аркылуу түшкөн электрондук кайрылуулар – 85 (8,7 %), (2019-жылдын I кварталында – 172 (15,6 %);

- башка байланыш каражаттары аркылуу түшкөн кайрылуулар (экспедиция, почта, фельд байланыш, курьер менен жеткирүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндөгү корреспонденция ящиги) – 361 (37,0 %), (2019-жылдын I кварталында – 423 (36,9 %).

Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында 216 жаранды жеке кабыл алышкан, анын ичинен – 36 жаранды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилери тарабынан кабыл алынган. Кайрылган жарандар өздөрүнүн маселелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды алышты.

Жарандардын кайрылуулары республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнүн тургундарынан жана алыскы чет өлкөдөн да келип түшүүдө.

Арыз, даттануу жана сунуш көп түшкөн шаарлар жана облустар:

- Бишкек шаары – 431 (44,2 %);

- Чүй облусу – 157 (16,1 %);

- Жалал-Абад облусу – 83 (8,5 %);

- Ысык-Көл облусу – 75 (7,7 %);

- Нарын облусу – 68 (7,0 %);

- Ош облусу – 66 (6,8 %);

- Баткен облусу – 44 (4,5 %);

- Ош шаары – 26 (2,7 %);

- Талас облусу – 21 (2,1 %);

- КМШ өлкөлөрү жана чет өлкө – 3(0,30 %).

Арыз берүүчүлөрдүн негизги контингенти – улгайган пенсия курагындагы адамдар жана башка социалдык аялуу категориядагы жарандар.

Жарандардын бардык жазуу жүзүндөгү, оозеки кайрылууларынын тематикасы боюнча маселелерди төмөнкү багыттарга бөлүштүрүүгө болот:

- укук коргоо жана коопсуздукту камсыздоо маселелери – 92 (9,4 %);

- жер жана турак жай маселелери – 89 (9,1 %);

- курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба маселелери – 73 (7,5 %);

- билим берүү жана илим маселелери – 49 (5,0 %);

- агроөнөр жай, дыйкан жана фермердик чарбалардын маселелери жана жер маселеси – 47 (4,8 %);

- кадрдык камсыздоо, эмгектик талаш, эмгек акы тууралуу маселелер –38 (3,9 %);

- саламаттык сактоо маселелери – 34 (3,5 %);

- социалдык кызматтардын иши, пенсия, жеңилдиктер, жөлөкпулдар тууралуу жана материалдык жардам көрсөтүү маселелери - 24 (2,5 %);

- башка маселелер – 528 (54,2 %).

Ошондой эле, 2020-жылдын 20-мартынан тартып коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылып кетүү коркунучун алдын алууну күчөтүү жана калктуу конуштардын аймактарында санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамаларында жарандарды кабыл алуу тартиби убактылуу өзгөртүлдү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкүдөй иш алып баруу боюнча сунуштамалар берилген:

  • реалдуу режимде видео-конференц-байланыш аркылуу жарандарды кабыл алуу;
  • электрондук түрдө www.kattar.kg порталы аркылуу кайрылууларды кабыл алуу;
  • “ишеним телефону” жана тынымсыз байланыш телефону аркылуу кабыл алуу.

Пикир

Оставить комментарий