• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өкмөт: Абылгазиев үй карантининде, бирок дистанттык түрдө иштеп жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес Ош жанан Жалал-Абад облустарына болгон эки күндүк иш сапарынан кийин дарыгерлердин кеңеши боюнча дистанттык түрдө иштеп жатат.

"Кабар" агенттигине өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдиргендей, учурда республикада болуп жаткан кырдаалды эске алып, Абылгазиев мурдагыдай эле документтер жана аткаруу бийлигинин бардык орган кызматкерлери менен иштеп жатат, болгону дистанттык түрдө.

Мындай үч күндүк үй карантини тобокелчиликтерди азайтуу максатында көрүлгөн чара болуп саналат.

Премьер-министр өзгөчө абал киргизилген Бишкек жана Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун жана Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданттары менен телефон аркылуу тынымсыз негизде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Андан тышкары, ал вице-премьер-министрлерге жана өкмөттүн мүчөлөрүнө бир катар конкреттүү тапшырмаларды берип жатат.

Пикир

Оставить комментарий