• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо – 6” долбоорун бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, “Айыл чарбасын каржылоо – 6” долбоору бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Чечим «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында жана өлкөнүн ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына 2018-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана айыл чарба кооперациясын мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 36 ай. Каржылоо булактары болуп өлкөнүн 2018-2020-жылдарга республикалык бюджети, коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин каражаттары саналат.

Долбоордун алкагында 2018-жылдын ичинде өсүмдүк өстүрүүнү жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары ишкер субъекттерине жана жеке адамдарга жеңилдетилген пайыздык үстөк менен берилет.

Долбоорго катышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер зайымчыларга төмөндөгүдөй негизги жалпы шарттарда кредит берүүгө милдеттүү:

Максаттуу тармак Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылык, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү
Аяккы пайыздык ставка жылына 10 пайыз – “мал чарбачылык” жана “өсүмдүк өстүрүү” тармактары үчүн;

жылына 6 пайыз –“айыл чарба азыктарын кайра иштетүү” тармагы үчүн;

жылына 8 пайыз:

бак өстүрүүчүлүк менен алектенген субъекттер үчүн;

ушул тиркеменин 2-главасында көрсөтүлгөн тизмеге ылайык асыл тукум мал сатып алуучу субъекттер үчүн

Кредиттин мөөнөтү 36 айдан ашык эмес
Жеңилдетилген мезгил Карыздардын негизги суммасы боюнча төгүм төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу

Жеке кредиттер боюнча 100 (жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү жана топтук кредиттер боюнча 500 (беш жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар 12 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн. Буга катар бул максаттар үчүн багытталган жалпы сумма берилген кредиттин жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпоосу керек.

Кредит бөлүүдө кластердик өндүрүш системасын киргизүүчү, кластерди уюштуруучу жана региондордогу айылдардын адистешүүсүн эске алып кошумча нарктын чынжырчасында катышкан чарба субъекттерге артыкчылык берилет.

Эгерде потенциалдуу зайымчылардын күрөө менен камсыз кылуусу жетишсиз болсо алар “Кепилдик фонду” ачык акционердик коомуна (мындан ары – “Кепилдик фонду” ААК) кепилдик алуу үчүн арыз менен кайрылууга укуктуу.

Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине “Айыл чарбасын каржылоо – 6” долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды белгиленген тартипте түзүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий