• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт аппаратынын кызматкерлери бир күндүк маянасын Баткендин тургундарына көмөк иретинде которот

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун тургундарына көмөк иретинде которот. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жергиликтүү калкка олуттуу материалдык зыян гана келтирбестен, адам курмандыктарына алып келген окуяларга байланыштуу өкмөт аппаратынын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын которуу чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий