• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт аппаратынын жетекчиси аймактарды президенттик шайлоого толугу менен даярдоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Өкмөт аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев облус жана шаар башчылары менен болгон жыйында аймактарды президенттик шайлоого толугу менен даярдоону тапшырды.

Ал өз сөзүндө алдыдагы шайлоо таза өтүшү керектигин баса белгилеп, аткаруу бийлиги шайлоо жараянына кийлигишпеши керектигин айтты.

Аманбаев 5-октябрдагы окуяларга аткаруу бийлигинин шайлоо системасына кийлигишүүсү себеп болгондугун эскертти.

«Шайлоо тилкелерин техникалык жактан камсыздоо керек. Алсак, интернет жана электр энергиясынын кошумча булактарын караштыруу керек. Жер-жерлерге генераторлорду жеткирүү керек. Андан тышкары, шайлоодо добуш берүү укугунан ажыраган жарандар болбошу үчүн биометрикалык маалыматтарды чогултууну улантуу керек. Санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча чаралар көрүлүшү шарт», - деди ал.

Аманбаев добуш сатып алуу фактысы катталса, катуу чара көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

«Биз аракет кылышыбыз керек. Эгерде шайлоону таза өткөрбөсөк, анда эл бизди кечирбейт», - деди Аманбаев.

Пикир

Оставить комментарий