• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт аппаратынын жетекчиси Самат Кылжыев дисциплинаны аткаруу боюнча жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси –министри Самат Кылжыев Кыргыз Республикасындагы министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине 2019-жылдын 7 айында мамлекеттик органдардагы дисциплинанын аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуу ишке ашуусу аткаруу бийлигиндегилердин тартипти туура уюштура билгендигине байланыштуу болот. Бирок ага карабастан, министрликтер менен мекемелердин, аткаруу бийлигинин айрым жетекчилери көзөмөлдү сапаттуу уюштуруу жана дисциплинаны аткаруу, актыларды жана тапшырмаларды өз убагында аткаруу боюнча иштери дагы эле жетишсиз болууда», – деди Самат Кылжыев.

Анын айтымында, министрликтер менен мекемелердин арасынан дисциплинаны аткаруу деңгээли боюнча терс көрсөкүчкө ээ болгондор аныкталды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тартипти сактоо жана жарандар менен иштөө боюнча иштерде мүчүлүштүктөрдү кетирген мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартип жаза чарасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштоо чечими кабыл алынды.

Талкуунун жыйынтыгында дисциплинаны аткарууну жогорулатуу жана кабыл алынган чечимдерди аткарууну көзөмөлдөөнү уюштуруу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо боюнча» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара кызматташуусу үчүн заманбап санарип инфраструктура менен камсыз кылуу максатында, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө заманбап маалымат-коммуникациялык технологияларды кииргизүүнү камсыздоо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары мамлекеттик органдарда документтерди алмашуу боюнча бирдиктүү электрондук системаны ишке киргизүү тапшырмасы берилди.

Өкмөт аппаратынын жетекчиси – министр Самат Кылжыевдин айтымында, бул система электрондук документ алмашуудан тышкары, белгилүү бир деңгээлде ачыктыкты камсыз кылат жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтөт.

«Биз жалпы республика боюнча чечимдердин аткарылышын онлайн режиминде көрө алабыз. Система өзү дароо эки маселени чечет: мекемелер аралык өз ара кызматташуу жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө. Кабыл алынган чечимдер менен тапшырмаларды жеткирүүнүн, кабыл алынган чараларды конкреттүү түрдө аткарууга чейин көзөмөлдөө жана анализдөөнүн мөөнөтүн кыскартуу пландалууда», – деди жана система мындан ары электрондук түрдө долбоорлорду макулдашууну, тезбилдирүүлөрдү жөнөтүү, аткаруу мөөнөтүн сактоодогу жоопкерчиликти күчөтүү, мекемелер аралык кызматташууда купуялуулукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, – деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий