• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Төө-Ашуудагы тоннель жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды

Коом 0

Бишкек, 03.10.17. / Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы “Көлбаев” атындагы тоннель оор жүк ташуучу унаалар үчүн бүгүн, 3-октябрда саат 7:00дө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-октябрда Төө-Ашууда катуу бороон башталып, болжол менен 128-чакырымда унаа жолго кар күрткүсү топтолуп, жол тыгыны пайда болгондугуна байланыштуу Сосновка өткөрмө постунда саат 17:50дө оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

“Саат 19:10 Сосновка өткөрмө постунда жана К.Көлбаев атындагы тоннелинин түштүк тарабында унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Ошондой эле 3-октябрда саат 01:00дө жеңил унааларга коюлган чектөөлөр алынган.
2017-жылдын 3-октябрында саат 02:30да Сосновка постунда кайрадан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Андан сырткары К.Көлбаев атындагы тоннелинин түштүк жана түндүк тараптарында чоң оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.
Жеринде тийиштүү иш-чараларды уюштуруу максатында КР ӨКМнин Жайыл райондук бөлүмүнүн 2 кызматкери жана КР ИИМнин Патрулдук милициясынын кызматкерлери иш алып барууда”,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кабарлашкандай, “Көлбаев” атындагы тоннелде чоң оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр саат 3-октябрда саат 07:00дө алынган.

Пикир

Оставить комментарий