• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөт: Асрандиевден коронавирус табылды, ант берүү аземине катыша албайт

Өкмөт 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү ант берүү аземине катыша албайт, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Алардын катарында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бар, анын коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЧР-анализи оңдуу жыйынтыкты көрсөткөн.

Ага карабастан, Эркин Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен контакттык байланышта болгон жактар катары обочолонуп иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий