• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт атамекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Дастан» Трансулуттук корпорациясы» ААКсына барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өндүрүш боюнча директор Сергей Дробышевдин айтымында, завод дүйнөлүк стандарттардын заманбап талаптарына жооп берген продукцияны өндүрүүгө жөндөмдүү уникалдуу технологиялык базасы бар көп тармактуу ишкана болуп саналат. Завод Ысык-Көл боюнда тажрыйба жүргүзүү полигонуна ээ, ал «Дастан» корпорациясына жалпы навигациялык жабдууларды тийиштүү деңиздик сыноолордон өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

«Колдогу жабдуулар механикалык кайра иштетүүлөрдүн бардык түрүн: ширетүү, аспаптык, көрүк иштерин, лак боео өндүрүшүн камсыздоого, ошондой эле жогорку татаалдыктагы печаттык платтарды, пластмассалык жана желим техникалык буюмдарды өндүрүүгө мүмкүндүк берет», - деди ал.

Өндүрүштүк имараттарды кыдырып жана завод иши менен таанышып чыккан соң, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкана жетекчилиги менен технологиялык процессти модернизациялоо жана анын ичинде өндүрүштү башка чет элдик адистештирилген ишканалар, биринчи кезекте россиялык ишканалар менен кооперациялаштыруу жолу аркылуу өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү боюнча пландарды талкуулады.

Өкмөт башчы белгилегендей, ишкананын өзгөчөлүгүн, анын ичинде аскердик-өнөр жай комплексинин чет жакка экспорттолгон продукцияларынын негизги түрүн эске алуу менен жаңы рынокторду өздөштүрүү, ишкананын атаандаштыкка мындан аркы жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана чыгарылган продукциянын ассортиментин кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди активдештирүү маанилүү.

«Биздин мындай жогорку класстагы адистери бар жана рынокто алдынкы позициялуу адистешкен өзгөчө ишкананы сактап калганыбыз кубанычтуу. Бирок биз бүгүн бул заводдун бир чарчы метри бош калбай, түз максатында колдонулушу үчүн таасирдүү механизмдерди иштеп чыгууга тийишпиз. Анын баштагы кубатын жана өндүрүш көлөмүн калыбына келтиришибиз керек, анткени кечээ жакында эле мында миңдеген адамдар иштеген», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат, ал эми «Дастан» сыяктуу мындай уникалдуу өнөр жай объектилерин колдоо - анын ишинин артыкчылыгы болуп саналат.

«Өлкө боюнча жаңы өнөр жай объектилерин ачуу менен бирге биз «Дастан» өңдүү өз өндүрүштүк базасы бар мындай кубаттуу ишканаларды колдоо күч-аракеттерин топтоштуруу аркылуу экспортту өбөлгөлөшүбүз керек. Биз өнөр жайды өнүктүрүүдө секирик жасоого ниеттенүүдөбүз – бул биздин бекем багыт – жана Өкмөт өндүрүштү модернизациялоо жана «Дастан» заводунун мүмкүндүктөрүн кеңейтүү үчүн бардык зарыл аракеттерди көрөт», - деди Мухамедкалый Абылгазиев.

«Дастан» заводу КМШ аймагындагы жогорку класстагы деңиз куралдарын, атайы багыттагы суу астындагы техникалык каражаттарды түзүү жана өндүрүү жаатындагы алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий