• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт Балдарды документтештирүү боюнча Улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда

Өкмөт 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Калкты документтештирүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда. Анын алкагында 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарандар балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышат. Бул кампанияны ишке ашыруу деталдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова тарабынан өткөрүлгөн жыйында талкууланды.

Ал эске салгандай, учурда 1200дөй баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Анын айтымында, Өкмөт тарабынан БУУ Балдар фонду менен биргеликте пландаштырылган бул кампаниянын максаты – өлкөдө «көрүнбөгөн», документсиз балдардын болушуна жол бербөө болуп саналат.

«Балдарга документ берүү темасы дагы бир маанилүү маселени алып чыгат. Көпчүлүк учурда ата-энелердин өздөрүнүн документтери же паспорттору жок, демек алар балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпайт. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 275-беренеси «Баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөттөрүн бузуу» бар жана бул мөөнөттү бузуу үчүн эскертүү берилип же 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. Айрым ата-энелер айыппул үчүн балдарына документ алууну создуктурушат, бул өз кезегинде балдар үчүн бир катар көйгөйлөрдү алып келет», - деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 275-беренени Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинен алып салуу мүмкүндүгүн кароону сунуштады. Анткени ата-энелер балдарын бала бакчаларга орноштуруу, жөлөкпул алуу үчүн документ алууга кызыкдар.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төрөт үйлөрүнө кош бойлуу аял документи жок түшсө, ал тууралуу маалыматты базадан табуу жана ыкчам түрдө балага документтерди даярдоо үчүн тиешелүү органдарга маалымат берүү тапшырылды. Бул үчүн «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун колдонууга болот.

Кеңешмеде билдирилгендей, жакын арада ведомстволор аралык мобилдик топ балдарга документ берүү иштерин жүргүзүшөт.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Калкты документтештирүү боюнча улуттук кампаниянын алкагында активдүү иштерди аткаруу керек.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери балдарга документтерди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жана айып салуусуз алууга болору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий