• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өкмөт башчы: 2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 10,7 млрд сомго азайды

Коом 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. 2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 10,7 млрд сомго азайды. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешитин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралып жаткан учурда билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2018-жылы республикалык бюджетке салыктык кирешелер 2017-жылга салыштырмалуу 13,2 млрд сомго көп чогулган.

Мамлекеттик бюджетке салык кызматынан – 79,6 млрд сом түшкөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 6,1 млрд сомго көп. Бажылык түшүүлөр 41,7 млрд сом, же 2017-жылга салыштырмалуу 7,5 млрд сомго көп топтолгон.

Бажы кызматы жалпысынан 22% көп киреше киргизген.

«Бюджеттин кирешеси – 135,4 млрд сомду түзсө, ал эми чыгашасы – 142,7 млрд сомду түздү. Ошентип 2017-жылга салыштырмалуу дефицит 10,7 млрд сомго азайды, – деди Абылгазиев. – Мындан тышкары ички булактардан түшкөн кирешебиз көбөйдү, алардын эсебинен бюджеттин күнүмдүк чыгымдарын толугу менен жабууга мүмкүн болду. Калган финансылык каражаттар, анын ичинде мамлекеттик тышкы инвестициялар экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болгон долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды».

Премьер-министр баса белгилегендей, өкмөттүн башкы милдеттеринин бири карапайым адамдарды тынчсыздандырган маселелерди натыйжалуу чечүү аркылуу бийликтин аткаруу бутагына карата жарандардын ишенимин кайтаруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий