• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт башчы Албек Ибраимовго шаардыктардын көйгөйлүү маселелерин ыкчам тартипте чечүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-майда, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Өкмөт тараптан республиканын борбору катары Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Анын айтымында, өлкө жарандарынын көптөгөн социалдык маселелери Бишкек шаарына байланыштуу эсептелет.

Премьер-министр акыркы мезгилде шаар тургундарынан Бишкектеги унаа жолдорун куруу схемасы боюнча көптөгөн арыздар түшүп жаткандыгын белгиледи.

«Жабылган көчөлөр тыгындарды пайда кылып, шаардыктар жана келген меймандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратууда. Ошондой эле өткөн айда биз бардыгыбыз борбордо маршруттук таксилер ишке чыкпай, орун алган транспорттук коллапска күбө болдук», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы келечекте мындай абалдын кайталануусуна жол берилбеши керектигин белгилеп, ташуучу-компаниялардын ээлери арасында өз учурунда профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Премьер-министр жол курулушу иштерин эске алуу менен шаарды жашылдандыруу боюнча деталдык планды иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

«Акыркы кездерде коомчулукта кымбат баалуу көчөттөрдү отургузуу маселеси да талкуу жаратууда. Аталган маселе шаардыктар, бейөкмөт уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан көтөрүлүүдө. Сиздер мындай долбоорлордун маанисин жана негиздүүлүгүн жеткиликтүү түрдө түшүндүрүп берүүңүздөр керек. Биз шаарыбыздын экологиялык абалына тийиштүү деңгээлде көңүл бурушубуз зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга катар Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы Ош базарынын өрттөн жабыркаган соодагерлеринин жумуш орундарын калыбына келтирүү маселесине көңүл бурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек мэри Албек Ибраимов Премьер-министрге борбордун учурдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана шаардык жолдордун курулушу жана реконструкцияланышынын жүрүшү тууралуу кеңири маалыматты сунуштады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасы тарабынан бөлүнгөн гранттын алкагында «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» жана «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруу боюнча иштер улантылууда.

Ошондой эле Албек Ибраимов маалымдагандай, шаар көчөлөрүндөгү жана парктарындагы көчөттөрдү отургузууда жыл сайын өздүк питомниктен алынган стандарттык материалдар пайдаланылат.

«Жакынкы коңшу өлкөлөрдүн ири шаарларындагы акыркы мезгилдеги жашылдандыруу ыкмаларына жана тажрыйбаларына таянуу менен көчөлөрдө жана магистралдарда бак-дарак көчөттөрүн отургузуу чечими кабыл алынган. Белгилей кетүүчү нерсе, сатылып алынган көчөттөрдүн түрү Ботаникалык бак тарабынан басылып чыкан Бишкек шаарын жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн ассортименти боюнча сунуштамаларга ылайык тандалып алынган», - деди ал.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасы тарабынан бөлүнгөн гранттын алкагында Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү жана унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү боюнча биринчи фазанын алкагындагы иштер улантылууда.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө сугат тутумунун иштөөсү, шаар көчөлөрүнүн тышкы жарыктандыруусун реабилитациялоо, турмуш-тиричилик таштандыларын башкаруу тутумун жакшыртуу жана борбордук канализация жана суу менен камсыздоо маселеси талкууланды.

Өкмөт башчы Бишкек мэрине шаар тургундарынын көйгөйлүү маселелерин чечүүнү өзгөчө көзөмөлгө алууну жана алар боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий