• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт башчы Алматыга кетти. КР делегациясынын курамы

Өкмөт 0

Алматы, 02.02.18/Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматыга (Казакстан) келди.

Жыйындын алкагында өкмөт башчысы “Глобалдашуу доорундагы санариптик күн тартиби” форумуна катышат.

Делегаттардын курамында:

Вице-премьер-министр - Санжар Муканбетов;

КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов.

КР премьер-министрдин кеңешчиси - Талант Султанов;

КР премьер-министрдин кеңешчиси – Гүлнара Төралиева;

КР премьер-министрдин кеңешчиси - Мурад Омоев;

Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы - Айбек Айдарбеков

КР экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков;

Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев;

КРдин Алматы шаарындагы Башкы консулу - Алиасбек Алымкулов.

Жыйынга Казакстандын өкмөт башчысы - Бакытжан Сагинтаев, Кыргызстана - Сапар Исаков, Армения - Карен Карапетян, Беларусия - Андрей Кобяков, Россия - Дмитрий Медведев, Өзбекстан - Абдулла Арипов катышат.

Пикир

Оставить комментарий