• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт башчы: Бишкектин башкы планынын жоктугу – коррупция

Коом 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Бишкектин башкы планынын жоктугу – коррупция. Бул тууралуу урбанистика жана бүгүнкү күндүн экологиялык маселелери, аны чечүүнүн заманбап жолдору темасы боюнча жарандык активисттердин жолугушуусунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал белгилегендей, өлкөнүн калктуу пункттарында эле эмес, Бишкектин башкы планы жок.

"Өткөндө мэриянын коллегиясында сүйлөп жатып, эмне, кайсы жакта куруларын эч ким билбеген учурда ал коррупциялык жол экенин айткам. Коом үчүн эч нерсе жасалбай эле. Дүкөн же унаа токтотуучу жай салып, биздин ата-апалар небереси менен сейилдей турган жери жок. Жөн эле куруп, батирлерди сатышууда. Жер тилкесин бөлүп берерден мурун эл үчүн батирден тышкары эмне курулары менен танышуу тапшырмасын коюп жатабыз. Сейил бак, веложолдор болушу керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий