• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт башчы Чүй облусундагы мектептердин курулушун улантуу үчүн каражат табууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 24-майда, Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билим берүү обьектилеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Алсак, Өкмөт башчы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы, Москва районунун Мураке айылындагы жана Панфилов районунун Букара айылындагы орто мектептердин курулушун көрүп чыкты.

Военно-Антоновка айылында курулуш иштери 2012-жылы башталган. Аталган мектеп 700 окуучулук орунга эсептелген, анын имараты жети блоктон турат. Бүгүнкү күндө имараттын каркасын тургузуу иштери жыйынтыкталган.

Андан соң Премьер-министр Москва районунун Мураке айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Аталган мектеп 150 орунга эсептелген, анын курулушу 2014-жылы башталган.

Мектеп үч блоктон – эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорттук залдан турат. Бүгүнкү күндө имараттын чатыры жабылган.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Панфилов районунун Букара айылындагы курулушу 1992-жылы башталган орто мектептин имараты менен таанышып чыкты. 2004-жылы курулуш иштери толугу менен токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Кокочаров белгилегендей, жогоруда белгиленген объектилердин курулушу каржылоонун жоктугунан улам токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын билдирүүсү боюнча, калктын жыштыгынын өсүүсүнө байланыштуу бул айылдарда кошумча билим берүү объектилерине муктаждык бар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга Чүй облусундагы бул мектептердин курулушун улантуу үчүн зарыл болгон кошумча каражаттарды табууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий