• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өкмөт башчы чек ара маселеси боюнча маалымат берүү үчүн Жогорку Кеңешке эртең келет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү күнкү отурумуна келбейт. Бул тууралуу ЖК төрагасы Дастан Жумабеков билдирди.

Төраганын айтымында ал, Абылгазиев менен сүйлөшүп, чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан өкмөт башчы Жогорку Кеңешке 17-сентябрь күнү эртең менен келүү сунушун айткан.

"Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана тиешелүү органдардын жетекчилери коңшу мамлекеттин өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, жолугушуулар болуп жатыптыр. Премьер-министр сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан кийин толук маалыматты эртең берсем деген сунушун айтты", - деди Жумабеков.

Депутаттар бул сунушту колдоду.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя боюнча маалымат берүү үчүн Жогорку Кеңешке чакырылып, парламентке саат 14:00дө келмек.

Пикир

Оставить комментарий