• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөт башчы эмне үчүн техникалык паспорт 800 сом, паспорт болсо 196 сом экендигин түшүндүрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков эмне үчүн техникалык паспорт 800 сом, ал эми паспорт 196 сом тураарын түшүндүрдү. Бул суроо ЖКда республикалык бюджет талкууланып жаткан учурда депутат Рыскелди Момбеков тарабынан көтөрүлдү.

Исаков билдиргендей, бул маселе боюнча ага МККнын башчысы Дастан Догоев маалымат берген.

“Мен дагы эмне үчүн мындай экендиги тууралуу сураганмын. Маалым болгондой, айдоочулук күбөлүк менен техпаспортту жеке ишкана берет экен. Мурда келишим түзүлгөн, ага байланыштуу чыдаганга туура келет. Эгерде биз келишимди бузсак, анда, ишкана биздин үстүбүздөн арызданып, утуп чыгат. Ага байланыштуу Кыргызстан бир жолку төлөм төлөөсү зарыл. Ошондуктан чыдаш керек. 2018-жылдын аягында келишим бүтөт, андан соң документтерди өзүбүз чыгара баштайбыз”,-деди ал.

Өз кезегинде депутат Алтынбек Сулайманов Сапар Исаковдо өлкө үчүн пайда алып келбеген келишимге ким кол койгондугуна кызыкты.

“Кайсы өкмөт башчы учурунда ушундай болгон? Келгиле ал адамдарды жоопкерчиликке тартабыз. Мындай иштер токтотулушу керек, документтерде Башкы прокуратурага тапшырыш керек”,-деди Сулайманов.

Исаков териштире турандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий