• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт башчы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы медициналык мекемеде дарыланып жаткан балдарды майрамы менен куттуктаган.

«1-июнь – мээримге жана камкордукка, өзүнүн парзын жана жоопкерчилигин туюу сезимдерине жык толгон күн. Ал бүткүл адамзатын балдар укугун жана кызыкчылыгын коргоо, алардын саламаттык, билим берүү жана тарбия маселелерин чечүү – маанилүү маселелеринин айланасында бириктирет. Мамлекет ар бир баланын чоңдордун коргоосуна жана камкордугуна алынышы, бала өзүнүн жашоодогу ордун түшүнүп, сезе билиши, үй-бүлөдө жашап жана үй-бүлөлүк камкордукка алынышы үчүн шарттарды түзүүгө тийиш», – деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, республикада балдардын жашоосу маңыздуу жана кызыктуу болушу үчүн көп иштер жасалууда.

«Шаарларда жана райондордо спорттук аянттар, ден соолук чыңдоочу комплекстер курулуп, жаңы бала бакчалар жана мектептер ачылып, балдарды коргоо жана социалдык коргоо институционалдык механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Үй-бүлөлөрдүн жашоо шартына карабастан, бала туулганда «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулу берилип жатат. Майыптуулугу бар балага кам көрүү – жеке ассистент кызмат көрсөтүүсү киргизилди. Ал балага үй-бүлөсүнүн курчоосунда калуусуна шарт түзөт. Аларга төлөм берүү маселеси чечилген», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, 2019-2020-жылдарга карата балдарга катуу мамиле жасоонун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча экстрендик чаралар Планы бекитилген.

«Биздин коом балдарга карата катаал зомбулук көрсөтүү, туура эмес жана кайдыгер мамиле фактыларына чыдап турбашы керек. Мен бардык мекендештеримди өсүп келе жаткан балдарга коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүү маселесинде активдүү жарандык позиция көрсөтүүгө чакырам. Алардын алган билиминен, тарбиясынан, көргөн камкордук жана мээриминен алардын келечек жашоосу көз каранды. Биз алардын бактылуу балалыгын камсыз кылууга тийишпиз! Ар бир баланын бактылуу балалыгы – биздин колубузда. Биз чоңдор балдарыбыздын эсинде калган кооз, кайталангыс жана баа жеткис күндөр алардын келечектеги бакубат жашоосунун негизи болушуна жетишүүгө тийишпиз», – деп белгилеген өкмөт башчы балдарга бекем ден соолук, окууларына ийгилик жана жакшылыктарды каалаган.

Премьер-министр дарыланып жаткан кичинекей бейтаптардын бөлмөлөрүн кыдырып, перинаталдык мезгил патологиясы бөлүмүнүн, бет-жаак ортодонтиялык реанимация бөлүмүнүн жана балдар хирургиясынын курулушу аяктай элек блогунун абалы менен таанышкан.

Мухаммедкалый Абылгазиев мекеменин учурдагы маселелерин чечүү үчүн 300 миң сомго сертификат берип, кардиохирургиялык блоктун курулушун аяктоо жана аны тиешелүү жабдыктар менен жабдуу үчүн зарыл чаралар көрүлөрүн баса белгилеген.

Маалымат үчүн: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору 579 орунга эсептелген. Жыл сайын борбордо бүтүндөй республикадан 75 миңге жакын бала амбулатордук дарылануудан жана текшерүүдөн өтсө, 27,5 миң бала стационардык дарылануудан өтөт. Борбордо 1119 кызматкер иштейт.

2019-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн 37 млн сомго балдардын тубаса ооруларын аныктоо максатында неонаталдык скрининг үчүн иммундук анализаторлор сатып алынган.

Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык жаңы төрөлгөн ымыркайлары текшерилет. Жакынкы мезгилде ымыркайлардын неонаталдык скрининги менен Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий