• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт башчы ЕРӨБ өкүлдөрү менен бир катар долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-февралда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын директору, Инфраструктуралык долбоорлор боюнча департаменттин башчысы Мэтью Жордан-Танк менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле өлкөнүн аэропортторун өнүктүрүү боюнча пландар талкууланды.

Өкмөт башчы ЕРӨБ Кыргызстан үчүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткан ишеничтүү өнөктөш экендигин баса белгиледи.

Сапар Исаков ошондой эле Өкмөт «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунун реконструкциясын жана модернизациясын улантып жана алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтип, инфраструктурасын жаңыртууну пландап жатат деп белгиледи.

Премьер-министрдин айтымында жогорудагы аэропорттордун региондогу ири аба хабдарына айлануу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар.

ЕРӨБ директору, Инфраструктуралык долбоорлор боюнча департаменттин башчысы Мэтью Жордан-Танк аталган маселе боюнча биргелешкен үз ара аракеттенүүгө даяр экенин белгиледи.

Ал Өкмөт башчыга ЕРӨБдүн ар кыл өлкөлөрдөгү эл аралык аэропортторду модернизациялоо боюнча тажрыйбасы тууралуу маалымат берди.

Кроме того, он подчеркнул, что на сегодняшний день идет процедура внутреннего согласования по выделению Кыргызстану денежных средств на проекты по реабилитации систем водоснабжения в регионах и 86 млн евро – на улучшение ирригационных систем.

Мындан тышкары, ал бүгүнкү күндө Кыргызстанга суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо боюнча долбоорлорго тийиштүү каражат бөлүү жана ирригациялык системаларды жакшыртуу боюнча долбоорлорго 86 млн евро бөлүү тууралуу ички макулдашуу процедурасы жүрүп жатканын белгиледи.

Премьер-министр Сапар Исаков «Манас» эл аралык аэропортун өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча ЕРӨБ менен биргелешкен кызматташуу мүмкүнчүлүгү туурасында деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетовдун жетекчилиги астында тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий