• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт башчы үй-бүлөсү менен бирге «Ынтымак» сейил багында көчөт отургузду

Өкмөт 0

Бишкек, 21.09.19. /Кабар/. Жыл сайын кыргызстандыктардын, айрыкча жаштардын экологияны коргоо маселелери боюнча аң-сезими өсүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акциясына катышуу учурунда билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт башчы үй-бүлөсү менен бирге Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан «Ынтымак» сейил багынын аймагына бир нече көчөт отургузду.

«Экология маселелери ар дайым өкмөттүн ишинде артыкчылыкка ээ. Биз шаарда жаңы парктарды жана сейил бактарды ачып, бак-дарактарды отургузууга тийишпиз. Мен бүгүн атайын чыгып, борбор калаабызды жашылдандырууга өз салымымды кошууну чечтим. Бош жер турса, ал жакта эмне курууга боло турганын олуттуу ойлонуу керек, бул сөзсүз эле үй же башка объект болушу кажет эмес. Эл сейилдеп, таза аба менен дем алып, бош убакытысын өткөрө турган эс алуу жайларына муктаж. Ошондуктан биз борборубузга эң жашыл шаарлардын бири деген атагын кайрадан кайтарууга умтулабыз. Мындай жаратылышка аяр мамиле өлкө боюнча болушу керек», – деди өкмөт башчы.

Андан соң премьер-министр өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери жана «Эко Деми» КФ өкүлдөрү менен биргеликте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги катуу тиричилик калдыктарын жана полиэтилен баштыктарды тазалоо боюнча ишембиликке катышты.

«Экология жана айлана-чөйрөнүн булгануу маселелерин чечүүгө жумшалган күч-аракеттер канчалык маанилүү экендигин биз жакшы түшүнөбүз. Бул суроолорду кийинкиге калтырбай, азыртан чечүү керек. Ошондуктан адамдарды жаратылышты сүйүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, эң башкысы – келечек муундун алдындагы жоопкерчиликке үйрөтүү абзел. Мен бүгүн ишембиликке бекеринен балдарымды ээрчитип чыккан жокмун. Бул сапаттарды балачактан калыптандыруу керек. Айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маселелери боюнча кыргызстандыктардын аң-сезими жыл сайын өсүп жатканы мени кубандырат. Адамдар экологиялык маселелер адамзатынын ден соолугуна кандай тобокелдиктерди алып келерин түшүнө башташты. Өкмөт жарандык активисттердин экологиялык ишмердүүлүгүн толук бойдон колдойт. Биз жаратылышты коргоочу технологияларга өтүүнү жана зыяндуу технологиялардан баш тартууну өбөлгөлөөгө аракет көрүп жатабыз. Биз талаптарды күчөтүп, экология маселелерине дайыма артыкчылык беребиз», – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы бүгүнкү «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» акциясынын уюштуруучуларына жана катышуучуларына дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, акция салтка айланып, улам көп адамдар чогуларына үмүт артарын белгиледи.

Андан кийин премьер-министр журналисттердин өкмөттүн чек ара кызматташтыгы, мугалимдердин айлык акысын көтөрүү жана башка маселелер боюнча ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 21-сентябрында дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасында «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акция өтүп жатат.

Бул акциянын максаты коомдук жайларды таштандыдан тазалоо жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана калдыктарды туура жок кылуу аркылуу айлана-чөйрөнү коргоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасында акциянын уюштуруучулары болуп «Эко Деми» коомдук фонду саналат. Акцияны өткөрүүгө КР өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдоо көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий