• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт башчы Кайыңдыдагы темир өндүрүү жана кайра иштетүү заводунун курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кайыңды шаарындагы «Металл-Кен» ЖЧК негизги темирлерди өндүрүү жана даяр темирлерди кайра иштетүү заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, учурда мурдагы Кайыңды кабелдик заводунун базасында заводдун ачылышына даярдыктар жүрүүдө. Азыркы тапта долбоордук-сметалык документацияны түзүү, сатып алууларды жүргүзүү жана зарыл жабдууларды жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Алдын ала иш планга ылайык, заводдун объекттерин куруунун узактыгы 8 ай. Бүгүнкү күнү пландаштырылган иштердин 50%дан ашууну аткарылды.

Заводдун пландаштырылган штаттык саны 500 адамды түзөт, алардын ичинен 200 адам – бул Кайыңды шаарынын жана жакынкы калктуу жерлердин тургундары болуп саналышат.

Инвестициялардын жалпы көлөмү 50 миллион АКШ долларын түзөт. Завод толук өндүрүштүк кубаттуулукка ээ жана темир продукцияларынын кеңири түрү чыгарылат: арматура жана сорттук металл продукциялары (швеллер, басма зым, зым, уголок, тегерек, чарчы, алты бурч).

«Металл-Кен» заводунун продукциясынын жылдык пландалган көлөмү – 200 миң тоннадан ашуун болот продукциялары болуп саналат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, заводдун курулушун өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыздоо зарыл, ал бардык техникалык жана экологиялык талаптарга дал келүүгө тийиш.

Андан соң Өкмөт башчы Жайыл районуна караштуу Талды-Булак айыл округунун Бекитай айылындагы мал чарбасына барды.

Чарбада 400дөн ашуун «Ала-Тоо» жана «Герефорд» асыл тукум малдары багылат. Келечекте малдын башын 1200гө чейин өндүрүү жана эт продукцияларын заманбап талаптарга ылайык чыгаруу пландалууда.

Мал чарбасы 2,6 га аянтта жайгашкан, мында 4 сарай бар – үчөө мал үчүн жана бирөө тоют сактоого арналган.

Пикир

Оставить комментарий