• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт башчы: Кинематография тармагын өнүктүрүүбүз зарыл

Маданият 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү. Бул тармакты өнүктүрүүбүз зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда өкмөт башчы ата мекендик тасмалардын арасында сапаттууларынын бар экендиги кубандыра тургандыгын баса белгилеген.

«Жаштарды тасмалар аркылуу да адамдык баалуулуктарды сиңирип тарбиялоого болот. «Кыргыз керемети» деп аталып келген кино аркылуу өсүп келе жаткан муунга биз үчүн сактап калуу баалуу жана маанилүү болгон нерселер тууралуу айткыбыз келет», - деди премьер-министр.

Жолугушуунун соңунда өкмөт башчы «Дарак ыры» мюзиклинин авторлоруна кыргыз элинин тарыхын пропагандалаган кинокартинаны тартканы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Дарак ыры» мюзиклинин режиссеру жана сценаристти Айбек Дайырбеков Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйланса, ал эми фильмдин продюсери Толкун Дайырбековага алкыш жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий