• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт башчы Кырчын жайлоосунун даярдыгын текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-августта, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын сентябрында өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына объекттердин даярдыгын текшерди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы Григорьев капчыгайындагы Кырчын жайлоосуна барып, андагы негизги курулуштар менен таанышты. Мында «Кыргыз айылы» боз үй шаарчасы түзүлөт жана бул жерде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маданий иш-чаралар өтөт.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдиргендей, этно-шаарчаны электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жеринде электр чубалгыларынын 80 түркүгү жана 5 трансформатор орнотулуп, чыгуучу дарбаза коюлуп, мал союучу жай жана жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү курулган.

Премьер-министр менен жолугушууда жалданма курулушчулар белгилегендей, бардык иштер өз убагында каржыланып жана белгиленген иштерди мөөнөтүнөн мурда аяктоо үчүн зарыл курулуш материалдары бар.

Андан соң Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл районундагы Семеновка-Григорьевка альтернативдик унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев белгилегендей, көрсөтүлгөн жол Кырчын жайлоосуна баруучу башка жолдордогу кыймылды азайтуучу альтернативалык жолго айланат.

Пикир

Оставить комментарий