• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт башчы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.19. /Кабар/. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, Балдарды коргоо күнүндө Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы балдарды майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук, жаркын маанай жана бакыт каалаган.

«Ар бир ата-эне үчүн бала жашоонун негизи.Биз үчүн балдарыбыздан маанилүү эч нерсе жок. Биз силердин жашоо бакытка толуп турушун каалайбыз. Дайыма жүзүңөрдө жылмаюу болуп, жакындарыңардын жылуулугу жана камкордугу курчап турушуна тилектешпиз. Бул мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң өкмөт башчы Кыргызстандагы ЮНИСЕФ башчысы Юкиэ Мокуо жана балдар менен биргеликте «Туулган күн» спектаклин көрүшкөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев куурчак театрынын директору Б.Куланбаевге 100 миң сомго сертификат тапшырган.

Балдарды коргоо күнүнүн урматына өкмөттүн атынан балдарга белектер берилген.

Пикир

Оставить комментарий