• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөт башчы Маданият жана Социалдык өнүктүрүү министрликтеринин башчылыгына талапкерлерди көрсөттү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маданият, маалымат жана туризм министри, социалдык өнүгүү жана эмгек министри кызматтарына талапкерлерди көрсөттү.

“Кабар” агенттигине өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдиргендей, Маданият министрлигинин башчылыгына Азамат Жаманкуловдун, социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. Азамат Жаманкулов учурда маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.

Эске салсак, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрда узакка созулган оорунун кесепетинен көз жумган. Таалайгүл Исакунова социалдык өнүктүрүү министри кызматынан 11-октябрда бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий