• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өкмөт башчы Мамлекеттик ипотекалык компанияга тигүүчүлөр үчүн өзүнчө долбоор иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тигүү өнөр жайында эмгектенгендерди арзан турак жай менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кароодо. Бул тууралуу Тигүү өндүрүшүнүн жумалыгы алкагында өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги форумда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, тигүү тармагында көбүнчө жаш кыздар иштешет.

"Алардын көпчүлүгү аймактардан келгендиктен, турак-жай, медицинага жана билим алууга жеткиликтүүлүк боюнча маселеси бар. Алар арзан турак жайга жетүүсү маанилүү. Быйыл биз Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүм беребиз. Биз компанияга тигүүчүлөр үчүн өзүнчө долбоор иштеп чыгуусун тапшырабыз. Мен бул маселени өзүм көзөмөлдөйм жана тигүүчү кыздар болочоктогу энелер болгондугу жана арзан турак жайга ээ болушу керектиги үчүн бул маселе маанилүү", - деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий