• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт башчы Москвага иш сапары менен учуп кетти. Делегациянын тизмеси

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапар менен кетти.

Иш сапардын алкагында өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн тартибиндеги 15 маселе каралат. Ал эми КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралат. Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Делегациянын курамы:

- вице-премьер-министр Жеңиш Разаков;

- экономика министри Санжар Муканбетов;

- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов;

- Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов;

- Ветеринардык и фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов;

- КР өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков;

- КМШ Экономикалык кеңешинин алдындагы экономика маселелери боюнча комиссиядагы Кыргызстандын өкүлү Зина Асанкожоева;

- Улуттук банктын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева.

Пикир

Оставить комментарий