• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт башчы Нарын облусуна жумушчу сапары менен барды (сүрөт)

Өкмөт 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 21-сентябрда, Нарын облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өкмөт башчы ошондой эле Нарын шаарынын маарекесине арналган «Нукура» фестивалына барды жана Нарын шаарындагы сүт иштетүү жаңы завод курулуучу жер менен таанышты.

Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев спорттук комплекстин иши менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий