• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт башчы Нарын шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жумасына 15 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар завод КР өкмөтүнүн колдоосу менен ачылган жана аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө чоң салым кошот.

Өкмөт башчы Нарын облсунун мал чарбачылыгындагы дараметин эске алганда, мындай объекттер өнүгүүнүн негизги фактору болуп эсептелерин белгиледи.

Чийки зат көлөмү жетишсиз болуп, завод толук кубаттуулукта иштей албай жаткандыктан, Абылгазиев чийки заттын базасын көбөйтүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды. Анын айтымында, зарылдыкка жараша сырьёнун жетишсиздиги боюнча маселени чечүү максатында кошумча лизинг жана насыялык линияларды ачуу шарт.

Ошондой эле Абылгазиев өкмөт мурдагыдай эле жер-жерлердеги мындай ишканаларга зарыл жардамды берерин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий