• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт башчы: Республикалык бюджетти толтуруу - салык кызматынын гана эмес, бардык бийлик органдарынын милдети

Өкмөт 0

Бишкек, 25.06.20./Кабар/. Республикалык бюджетти толтуруу - салык кызматынын гана эмес, бардык бийлик органдарынын милдети. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов бюджеттин пландуу көрсөткүчтөрүн аткаруу маселесин талкуулоо боюнча кеңешмеде билдиргендигин, өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин активдештирүү зарыл. Бардык акимдер жана айыл өкмөт башчылары салыктарды жыйноого жеке жоопкерчилик тартышат. Бул бир гана салык кызматынын эмес, баарыбыздын милдетибиз. Жергиликтүү бийлик органдары бюджетти толтурууга түздөн-түз кызыкдар болууга тийиш», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы фискалдаштыруу системасын киргизүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

«Кыйынчылыктарга карабастан, көмүскө экономикага каршы күрөштү активдештирүү шарт, бул бюджетти толтурууда зор мааниге ээ. Ири соода түйүндөрүндө көзөмөл-кассалык машиналарды, май куюучу жайларда автоматташтырылган системаны, товарларды маркалоону киргизүү иштерин улантуу керек. Алсак, бажылык башкарууда ASYCUDA системасын киргизүү пландалууда. Ал товарларды жүз пайыздык электрондук декларациялоону ишке ашырып, улуттук/аймактык транзитке натыйжалуу көзөмөл жана мониторинг жүргүзүүнү, ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнү колдоону, бажы статистикасын онлайн режиминде жүргүзүүнү камсыздайт. Мунун баары өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун камсыздайт», - деди өкмөт башчы Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоонун мындан аркы чаралары боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий