• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт башчы Россияда болгон жол кырсыкта 4 кыргызстандыктын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Оренбург облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Жол кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 4 жараны каза болду жана 3 жараны жаракат алды. Учурда жаракат алгандар ооруканада.

Өкмөт башчы Тышкы иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү кызматтарга кырсыктан каза болгондорду мекенине алып келүүгө байланыштуу маселени чечүү жана жаракат алган жарандарга зарыл болгон медициналык жардамды берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий