• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт башчы: Суу – биздин байлыгыбыз

Аймак 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Суу – биздин байлыгыбыз. Жарандарга таза ичүүчү жана сугат суу жеткиликтүү болушу үчүн биз көп иштерди жасашыбыз керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Жумгал районундагы суткалык жөнгө салуу ачык бассейиндин ачылышына катышып жатып билдирди.

undefined

Өкмөт башчы Түндүк-Түштүк унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен тааныштык, мен бардык иштерди өз убагында жана сапаттуу аяктоо тапшырмаларын бердим, - деди.

"Аймактарды өнүктүрүү боюнча бир топ иштерди жасап жатабыз. Бирок, белгилей кетсем, бул маселе биз үчүн артыкчылыктуу", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиев сугат суу булагы Баш-Кууганды суусу экендигин маалымдады.

"Курулуш объектисинин баасы 113,8 млн сомду түзөт. Курулуштун аякташы жана суткалык куюу бассейнин ишке берүү жаңы 239 га сугат жерин иштетүүнү шарттап, 1041 гектар жер аянтын суу менен камсыз кылууну жогорулатат", - деп билдирди Кокумбек Таштаналиев.

Премьер-министр Жумгал районунун жашоочуларын ирригациялык объекттин иштеп башташы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий