• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт башчы Түп районунун Кудургу айылынын тургундары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Түп районундагы Кудургу айылынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы эл менен жолугушууда аймактын жашоочулары республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатканын жана Ысык-Көл мамлекеттин визиттик карточкасы экенин ошондой эле биздин өлкө жөнүндө туристтер сөз кылганда бирин көл менен байланыштырарын баса белгиледи.

«Эки күндүк жумуш сапарымда мен облустагы бир катар социалдык имарттарды оңдоо жана алардын курулушу, ички жолдордун жасалышы менен таанышып чыктым. Аларды аягына чыгаруу боюнча тиешелүү министрликтерге тапшырма бердим», – деди ал.

Жолугушууда Сапар Исаков «Жаңы доорго – кырк кадам» Программасы тууралуу кеңири маалымат берип, аны ишке ашыруу экономиканын өнүгүшүнө жакшы түрткү берерин кошумчалады.

«Өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири бийлик органдарында коррупцияны кыскартуу. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бул багытта чоң үлгү көрсөтүп берди. Коррупция – бул мамлекеттин өнүгүшүнө бут тоскон негизги зыянкеч. Аны менен бирге Өкмөт аймактарды комплекстүү өнүктүрүү, жер-жерлерде инфраструктураларды жакшыртуунун үстүнөн да иш алып барат», – деди Сапар Исаков.

Мындан сырткары Премьер-министр Сапар Исаков жергиликтүү тургундарга медицина тармагындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу да маалымат берип, Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборундагы оңдоодон кийинки түзүлгөн шарттарга токтолду.

Пикир

Оставить комментарий