• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт башчы товарларды мыйзамсыз ташууга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына мыйзамсыз ташуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тартууга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, начар башкаруу жана салык органдарынын ишин көзөмөлдөө көйгөйлөрү, ошондой эле салык төлөөдөн баш тартууга каршы активдүү чаралардын жоктугу бюджеттин киреше бөлүгүндөгү айрым бир маселелерге алып келет.

«Салыктык түшүүлөрдүн көлөмүнүн азаюусу – бул жылдар бою топтолгон салыктык башкаруу маселелеринин жыйындысы. Буга байланыштуу силер, экономикалык блокко жооптуу болгондуктан, мыйзамдарды жакшыртып, кыйла активдүү иштерди жүргүзүп жана салык процедураларын электрондук фискалдаштыруу тутумун киргизүү чараларын күчөтүүгө тийишсиңер. Бардык тартылган мамлекеттик органдардын бул багыттагы ыкчам ишин күчөтүү керек. Бүгүнкү күнү ал канааттандырарлык эмес жана зор көңүл бурууну талап кылат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди жеке көзөмөлгө алууну тапшырып, бардык тескөөчү жетекчилерге жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепсиз ташуу мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна олуттуу таасир берерин жана берип келгенин белгилеп, жакын арада кабыл алынган чаралардын жыйынтыктары өкмөттө кайрадан караларын баса көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий