• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт башчы Туз айылындагы жол оңдоо иштери менен таанышты

Өкмөт 0

Сокулук, 15-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Туз айылында Романовка ― Камышановка жолунун оңдоо иштери менен жакындан таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшит Калиловдун айтымында, жолдун узундугу 34 км түзсө, анын 15 км Транспорт министрлигинин кароосунда. Калган 19 км жолдун ээси жок болгон. «Жолдун бул бөлүгү реконструкцияга муктаж. Себеби бул жерден “Кошой” заводуна кызылча ташылып өтөт»,-деди ал.

Ошондой эле, анын айтымында жол оңдоо иштерин бир жарым айда бүтүрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий