• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөт башчы Улуттук онкологиялык борборго барды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкологиялык борборго барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын октябрь айында капиталдык реконструкциясы жыйынтыкталган Онкологиялык борбордун административдик имараттарын, дарылоо бөлүмдөрүн жана аймагын көрүп чыкты.

Сапар Исаков белгилегендей , «Жаңы доорго – кырк кадам» өкмөттүк программасынын келечектүү багыттарынын бири катары өлкө жарандарынын медициналык тейлөө алуусу жана анын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Премьер-министр Улуттук онкология борборун модернизациялоо иши көптөгөн жылдар бою миңдеген өлкө жарандарынын үмүтү болуп келгендигин белгилеп, аталган чара өлкөдө онкологиялык оорулардан каза болгон жарандардын санын азайтууга мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.

Буга катар ал жакынкы арада Борбор үчүн «ЦентерраГолд Инк.» компаниясы менен стратегиялык келишим алкагында бөлүнчү жалпы суммасы 10 млн. АКШ доллары эсептелген заманбап медициналык жабдуу сатылып алынаарын эскертти.

Премьер-министр Сапар Исаков жана «ЦентерраГолд Инк.» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри жаңы техника менен жабдуу пландаштырылып жаткан медициналык залдарды кыдырып чыгышты.

Мындан тышкары Өкмөт башчы Улуттук борбордун аймагындагы балдар жана чоңдор үчүн онкогематология бөлүмүнүн курулушу менен таанышып чыкты жана бардык тийиштүү иштер 2018-жылдын сентябрь айына дейре жыйынтыкталышы керектигин белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдарга борборго караштуу аймакты көрктөндүрүү иштерин көзөмөлгө алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий