• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт башчы урандын геологиялык чалгындоого берилген уруксатка кол койгон экс-чиновниктердин атын атады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусундагы уран кенин иштетүү үчүн Россиядан 30 млн. доллар алган деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, "ЮрАзия Кыргызстанда" компаниясы биздин өлкөдө 2004-жылы каттоодон өткөн.

"2010-жылдын 18-ноябрында геологиялык изилдөөгө уруксат алган. 2011-жылы геологиялык чалгындоо деп узартылган. Ал убакта жаратылыш ресурстарынын министри болуп Кайрат Жумалиев иштеп турган. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол уран чыккан жерге уруксат берилген. Экинчи жолу жаратылыш министри Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин башчысы Ишимбай Чунуев лицензиялык макулдашууга кол койгон. Андан кийин, 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууну Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп койгон"

Андан кийин өкмөт башчы ал жылдары кол коюлган макулдашууну окуп берди: "Кызыл-Омпол аянтынын аймагында уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфорго геологиялык иштерди жүргүзүүгө №4 лицензиялык макулдашуу берилди. 2015-жылы июль айында лицензиялык макулдашуу менен калган элементтер алынып салып, уран гана калтырылган".

"Мына ошондон бери макулдашуу 2016-жылы да узартылыптыр. Азыр чалгындоо иштери жүрүп жатат. Россиянын президенти Путиндин сапарынын жүрүшүндө макулдашууга кол коюлуп, казына акча келип түштү деген маалымат туура эмес. Путиндин сапарынын алкагында "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ААКсы менен россиялык "Полимер экономист" компаниясы бири-бири менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшуп, анын алкагында ошол компания "Кара-Балта тоо-кен комбинатына" 30 млн. доллар жардам берүүнү пландоодо", - деди ал.

Ал белгилегендей, учурда мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аларын мүчөлөрү Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүдө экологиялык маселесин карашат.

Пикир

Оставить комментарий