• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт башчы Ысык-Көлдүн студенттерине электрондук кызматтар тууралуу айтып берди

Аймак 0

Каракол, 13.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттерине мамлекеттик электрондук кызматтар порталы тууралуу айтып берди.

Анын айтымы боюнча, бүгүнкү күндө көптөгөн кызматтарды үйдөн чыкпай эле аткарууга болот. Мисалга, жаштар ЖААКга арыз бере алышат.

“Мисалы, Эстонияда жарандар үч учурда гана электрондук форматтагы кызматтар менен колдоно алышат: кыймылсыз мүлктү сатканда же сатып алганда, баланын төрөлгөнүндө жана өлгөндө. Эгерде биз толугу менен санариптик форматка өтсөк, жылына 20 миң тонна кагаз үнөмдөйбүз”,-деди Исаков.

Өкмөт башчы ошондой эле, адистердин айтуусу боюнча эгерде Кыргызстан толугу менен санариптик форматка өтсө, анда өлкөнүн ИДП 3% жогорулай тургандыгын маалымдашкандыгын айтып өттү.

“Башкача айтканда ушул жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 5% болсо, электрондук системанын жардамы менен 8% чейин жогорулайт. Анда биз айлык акыны жана социалдык төлөмдөрдү жогорулата алабыз”,-деп кошумчалады ал.

Премьер-министр жаштар өлкөнүн келечеги жана алар мамлекетти өнүктүрө тургандыктарын айтып өттү.

Эске сала кетсек, Исаков Ысык-Көл облусунда жумушча иш сапары менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий