• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөт башчы: ЖЭБде болгон авариядан кийин бир гана чиновник отставкага кетүүнү каалады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Улуттук энергетика холдингинин жетекчиси Айбек Калиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБдеги кырдаалды талкуулап жаткан учурда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы билдиргендей, болгон окуядан кийин ага бир гана аткаминер кызматтан кетүү тууралуу арызы менен келген.

“Ал Айбек Калиев. Бирок мен анын арызын кабыл алган жокмун. Себеби дегенде мен көрүп тургандай Айбек Рыспекович аракет кылып жатат. Көйгөй көп, ачык айтуу керек, анын да күнөөсү бар”, - деп билдирди Исаков.

Пикир

Оставить комментарий