• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өкмөт башчы Жогорку Кеңешке ТИМ башчылыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин көрсөттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешке тышкы иштер министринин кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин киргизди.

Өз сөзүндө ал ТИМ Кыргызстан үчүн жана өлкөнүн тышкы саясаты үчүн маанилүү ведомсвто болуп саналарын белгиледи.

“Тышкы иштер министри – бул өлкөнүн чет өлкөдөгү жүзү. Чыңгыз Айдарбеков ТИМдин системасында 20 жыл иштеди. Андан сырткары Жогорку Кеңештин эл аралык кызматташтыгынын жетекчиси болуп 4 жыл иштеди”, - деди ал.

Өкмөт башчы Чыңгыз Айдарбековдун Японияга элчи болуп дайындалышы менен эки өлкөнүн өз ара мамилелерин бекемдегенине байланыштуу анын талапкерлигине токтолгондугун белгилеп өттү.

“JIKA япониялык агенттигинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жакшырды. Андан сырткары Япониянын парламентинин депутаттары, урматтуу адамдар келишти. Мунун баары Чыңгыз Азаматович Японияда элчи болуп турган убакта болду”, - деди Абылгазиев.

Өмүр баяны

АЙДАРБЕКОВ ЧЫҢГЫЗ АЗАМАТОВИЧ - Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укутуу Элчиси.

1977-жылы Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимге ээ. 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык Университетин аяктап, “Эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болду. 2001-жылы – ошол эле университетинде “Юриспруденция” боюнча магистратурасын бүтүрүп, магистратура денгээли ыйгарылды.

Эмгек иш-аракетин 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ башкы Башкармалыгында атташе кызмат оордунда баштаган.

2001-2003 жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ башкы Башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өткөн.

2003-2005 жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы.

2005-2008 жж. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү.

2008-ж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча Бөлүмүнүн жетекчиси.

2008-2010 жж. Кыргыз Республикасынын Туркмөнистандагы Элчилигинин кеӊешчиси.

2011-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

2012-2016 жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчиси.

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси (Президенттин Жарлыгы 18 апреля 2016 года УП № 102).

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде кызмат өткөн мөөнөтүнүн ичинде бир нече ийгиликтүү уюштурулган жана өткөрүлгөн иш-чаралардагы жигердүү катышуусу үчүн алкыш жарыяланган, өздүк делосуна киргизилген.

2011-жылы натыйжалуу жана чын дилинен аткарган кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти атынан алкыш жарыяланган.

2012- жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасынын атынан алкыш жарыяланган, өздүк делосуна киргизилген.

2014-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини ыйгарылган.

2017-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси” дипломатиялык рангы берилди.

Англис тилинде эркин сүйлөйт.

2014-жылдын 17-октябрында “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 70-жылдык” медалы ыйгарылды.

Эл аралык кылмыш укугу жана тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар боюнча 10 дон ашык илимий макалалардын автору.

Эске салсак, Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан 12-октябрда кеткен.

Пикир

Оставить комментарий