• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өкмөт башчынын түштүк аймакка болгон иш сапары. Айыл чарбасын өнүктүрүү артыкчылыктуу болуп саналат

Аналитика 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чет өлкөдө маанилүү жолугушууларды өткөрүп жүргөндө, премьер-министр Улукбек Мрипов ички милдеттерди аткаруу менен алек. Кечээ министрлер кабинетинин башчысы иш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарында болду.

Жолугушуунун артыкчылыктуу багыты айыл чарба тармагы болду. Кыргызстан агрардык өлкө болуп саналгандыктан, дал ушул тармакты өнүктүрүүгө көңүл буруу толугу менен максатка ылайык болуп саналат. Андан тышкары, ата мекендик айыл чарбасын өздөштүрүп, жаңы технологияларды жайылтуу тууралуу тынчсыздануу керек. Аталган тармактын азыркы абалы, анан албетте келечекте өнүктүрүүнүн натыйжалуулугу дал ушундан көз каранды.

“Кыргызстандын айыл чарбасына жаңы технологияны жайылтуу абдан зарыл. Дүйнөлүк айыл чарбасын жүргүзүүдө натыйжалуулукту жана эмгектин жемиштүүлүгүн арттыруу үчүн көптөн бери акылдуу технологиялар колдонулуп, жаңыча мамиле кылынып келет. Мындан максат – түшүмдүүлүктү көтөрүү. Ата мекендик дыйкандар өздөрүнүн эгин талааларына жаңы технологияларды кандайча жайылтуунун үстүндө олуттуу ойлонушу керек. Акыркы убактарда Кыргыз бийлиги тарабынан айыл чарбасына көңүл бурууну андан ары өнүктүрүү керек деп ойлойм. Кантсе да, Кыргызстан айыл чарбасын жүргүзүүдө эбегейсиз тажрыйбага ээ жана ата мекендик дыйкандарга кылдаттык менен көңүл буруу кошумча дем берип, пайда алып келет жана бул тармактын өсүшү көпкө күттүрбөйт”, - деди “Кабар” МАБдын айыл чарба жаатындагы туруктуу эксперти Юрий Куринский.

Улукбек Марипов Жалал-Абад облусундагы жумушчу иш сапарынын жүрүшүндө Сузак районундагы бир нече айыл чарба мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышканын айта кетишибиз керек.

undefined

Өкмөт башчы Кара-Жыгач айылында помидор, бадыраң, болгар калемпири, лимон өстүрүлгөн күнөсканага барды. Бул жерде 20га жакын адам иштейт, иш кызуу башталган учурда алардын саны 100гө жетет. Улукбек Марипов белгилегендей, жергиликтүү ишкерлерди колдоп, ушундай эле өтө чоң эмес, бирок заманбапташтырылган жана модернизацияланган ишканаларды ачып, жергиликтүү жашоочуларды иш менен камсыздоо керек.

undefined

Премьер-министр азыркы учурда Россия-кыргыз фонду менен дыйкандарды колдоо боюнча иштерди активдештирүү пландалып жатканын билдирди.

Эксперт белгилегендей, тармакты өнүктүрүү боюнча туура план. “Кыргызстанда ири жана кичи ишканаларды аз эмес, жеке ишкердик жеткиликтүү жана ийгиликтүү иштеп жатат. Компаниялар жеке ишкерлер бизнес чөйрөдө өнүгүүсү үчүн ивестиция аркылуу өсүшү керек. Туура, долбоорлорду, бизнес-пландарды юридикалык жактан туура түзүү үчүн айрым көйгөйлөр бар. Өзгөчө бул аймактарга тиешелүү. Бирок райондун борборлорунда, ошондой эле борбор калаада кесипкөй адистер бар, алар ушундай учурларда жардам бере ашыта", - деди Куринский.

undefined

Андан кийин Улукбек Марипов жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү менен алектенген, 2005-жылдан бери иштеген заводдун иши менен таанышып чыкты.

Ишкана ширелерди, консервацияланган жашылчаларды, кыям жана кургатылган жемиштерди өндүрөт. Сатуу көлөмү продукцияны ички жана экспорттук рынокторго, анын ичинде Германия, АКШ жана Түркияга чыгарууга шарт түзөт. Ишканада туруктуу негизде 32 адам иштейт, ал эми сезондо кошумча 50гө жакын адам тартылат.

Улукбек Марипов чыгарылган продукциянын жогорку сапатын, ишкананын жакшы иштеп жатканын жана анын экономиканын өсүшүнө тийгизген узак мөөнөттүү оңдуу таасирин белгилеп өттү.

undefined

«Бизде ата мекендик өндүрүштөгү азык-түлүк жана пайдалуу өнүмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну шарттаган ушундай долбоорлор бар экендиги кубандырат. Өз тарабынан Өкмөт алардын өнүгүүсүн ар дайым колдойт», - деп кошумчалады премьер-министр.

undefined

Мындан кийин өкмөт башчы жазгы жана күзгү дан эгиндери, пахта жана башка өсүмдүктөр өстүрүлгөн үрөн чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Премьер-министр дыйкандар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу сурап, өлкө өкмөттүн ата мекендик айыл чарбаны колдоо жана өнүктүрүү боюнча негизги багыттары тууралуу айтып берди.

«Айыл жериндеги эмгек өтө оор жана талыкпаган түйшүктү, каржылык сарптоолорду талап кылат. Биз – агрардык өлкөбүз жана калктын басымдуу бөлүгү айыл чарбасына тартылган. Буга байланыштуу ушул тармакты өнүктүрүү артыкчылыктуу болуп саналат», - деп баса көрсөттү Улукбек Марипов.

undefined

Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу уланууда. Өлкөнүн президенти жана премьер-министри ушул тармакта кырдаалды такай көзөмөлдөр, натыйжалуу жыйынтыктарга жетүүгө багытталган жаңы максаттарды жана милдеттерди белгилөө менен алектенишүүдө.

Эксперт белгилегендей, “өлкөдө айыл чарбасындагы бардык кубаттуулукка баа бере алган, айдоо аянттарынын, сугат жана кайрак жерлердин санын тиешелүү реестрге каттай ала турган көптөгөн адистер бар. Ошондой эле жасалма суу сактагычтардын санын аныктап, аларга текшерүү жүргүзүп, балык өстүрүүнү баштоо зарыл. Аталган тармак жакын арда эле өзүнүн жемишин бере баштайт. Мен Чүй облусунун бир нече айыл өкмөттөрүндө жакшы суу сактагычтар бар, алардын мүмкүнчүлүктөрү учурда 30-40%га гана колдонулуп жатат деген ойдомун. Айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү фондусу жөнүндө да ушуну айта алам”.

КР өкмөт башчысы эксперттердин корутундусун кайталады. Атап айтканда, анын айтымында, аграрийлерди колдоо – Кыргызстандын өкмөтүнүн маанилүү милдеттеринин бири.

undefined

«Бүгүнкү күндө башкы маселелердин бири – бул ата мекендик рыноктогу импорттук продукциянын үлүшүнүн көптүгү. Өсүмдүк майын, кумшекерди биз ташып келебиз, жада калса ширелерди тыштан сатып алабыз, ошол эле учурда жергиликтүү алмалар чирип жатат. Жергиликтүү өндүрүштөгү өндүрүмдөрдү көп колдонуу керек. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн да сезилерлик колдоо. Келечектүү карай турган болсок, бул дыйкандардын суроо-талап бар өсүмдүктөрдү өстүрүүсүнө алып келет. Мындай кырдаалда өлкө өкмөтүнүн башка милдети – элеттик эмгекчилерди жакшы үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздоо маселеси келип чыгат. Мен көрдүм, бизде үрөн жакшы экен. Жер семирткичтер тууралуу айтсак, мен Өзбекстан Республикасынын өкмөт башчысы менен сүйлөштүм жана биз жеткиликтүү баадагы жер семирткичтерди ташуу тууралуу макулдаштык», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы дизелдик отун маселесин көтөрдү.

«Акыркы мезгилде бензиндин жана дизелдик отундун баасы бир канча өстү. Бул жалпы дүйнөлүк тенденция. Баалардын кескин жогорулашынын алдын алуу үчүн биз мунай өндүрүмдөрүн мамлекеттен тышкары чыгарууга убактылуу тыюу салдык», – деди ал.

undefined

Улукбек Марипов жаңыдан башталып келе жаткан жазгы-талаа иштери өз убагында жүргүзүлүшү керектигин дагы бир жолу белгилеп өттү.

Премьер-министр иш сапарынын жүрүшүндө ошондой эле Араван районунун Интернационал айылындагы күнөскана комплекси менен таанышты. Өкмөт башчыга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү технологияларын жана күнөскана комплексинде киргизилип жаткан жаңыча ыкмаларды көрсөтүп беришти. Дыйкандар жергиликтүү тургундардын иштөөсү үчүн бардык шарттарды түзгөн күнөскана комплекси жакынкы айылдардын жашоочулары үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүнү шарттаганын айтышты.

Улукбек Марипов дыйкандарды колдоо мультипликативдик натыйжа берип, аймактардын өнүгүшүнө салым кошушу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, өкмөт дыйкандарга жана айыл чарба тармагында иштеген чарбалык субъектилерге жеңилдетилген насыя берүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн каражат издөө менен тармакты колдоо чараларын мындан ары да күчөтөт.

“Бардык түзүмдөрдүн күч-аракеттерин бириктирип, максималдуу натыйжаларга жетүү үчүн колдонуу абзел. Кыргызстандын финансы институттарынын сапаттуу жана өз убагында иштөөсүнөн бары болбосо дагы көпчүлүгү көз каранды болот. Бул маселе банктардын кенселеринде жана ар кандай фонддордо башаламандыкка жол бербеши керек экендигине ишенем. Кыргызстандын президенти жана өкмөтү аймактардын өнүгүүсүнө байланыштуу кырдаалды такай көзөмөлдөп турат. Бул биз экономикасы өнүккөн жаңы Кыргызстан кура аларыбызга ишеним ойготуп, алардын натыйжалуулугун туруктуу негизде көрсөтүп турат”, - деди эксперт.

undefined

Андан ары премьер-министр Марипов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылындагы “Таширов" үрөн чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кооператив 1997-жылы түзүлгөн. Ага 120 га жер таандык, анын ичинен 100 га - бул кайрак жерлер. Дыйкандар премьер-министрге сугат маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Улукбек Марипов тиешелүү органдар караштырып жана маселени чечүүгө зарыл болгон жардамды беришерин айтты.

undefined

Алдыдагы барынан мурда өлкөнүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган бир нече жылдык иштер бар. Татаал, бирок ошол эле учурда кызыктуу тарыхый мезгилде өлкө болуп көрбөгөндөй биригиши керек. Биригүү гана өлкөнүн жыргалчылыгынын мыкты көрсөткүчтөрүнө алып келет.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий