• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөт Баткен облусуна дагы 30 кычкылтек концентраторун берди

Аймак 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Өкмөт тарабынан Баткен облусуна дагы 30 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, андан тышкары, 80 пульсоксиметр жана коргонуучу каражаттар берилген. Медициналык жабдуулар район, шаарларга муктаждыкка жараша бөлүнүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт тарабынан Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилген.

Пикир

Оставить комментарий