• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 02.05.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Буйрукка ылайык, республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 204 444 400 (эки жүз төрт миллион төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом өлчөмүндөгү акчалай каражат бөлүнгөн.

Көрсөтүлгөн сумманын 69 034 900 (алтымыш тогуз миллион отуз төрт миң тогуз жүз) сому Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин имаратын курууга багытталат.

67 309 500 (алтымыш жети миллион үч жүз тогуз миң беш жүз) сом Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын реабилитациялык корпусунун курулушуна, ал эми 68 100 000 (алтымыш сегиз миллион жүз миң) сом Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукананын жаңы корпусун курууга багытталат

Аталган буйрук Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосундагы «Секторду реформалоого келишим - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо» программасы боюнча 2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган финансылык келишимдин айрым жоболорун өз учурунда аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун калкы үчүн саламаттык сактоо тейлөөсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий