• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өкмөт: Бюджеттин чыгашалары ички булактардан каржыланат, гранттар өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалат

Өкмөт 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Бюджеттин ички чыгашалары ички булактардын эсебинен каржыланат, гранттар менен кредиттер өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйыны учурунда билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Абылгазиев Өкмөттүн 2018-жылдагы ишинин жыйынтыктары тууралуу отчёттун урунттуу учурларына токтолду.

"Биринчиси, кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамда бюджеттин ички чыгашалары ички булактардын эсебинен каржылоо, гранттар менен кредиттер өнүктүрүү долбоорлоруна жумшоо каралган. Тартыштыкты азайтуу боюнча тенденция улантылат. Өкмөттүн демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн парламенттин депутаттарына ыраазычылык билдиребиз жана белгилей кетсем, бүгүнкү күнү биз бул Мыйзамды аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз", - деди Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, экинчи маанилүү учур "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу болуп саналат.

"Бул долбоор 2012-жылдан бери коомдун сынына кабылган, эң ийгиликсиз долбоорлорунун бири болгон. Бүгүн бул долбоор ишке ашырылды. Ушул долбоордун ишке ашырылышында 2018-жылы Жогорку Кеңештин активдүүлүгүн баса белгилеп кетүүгө болот: 13-июнда, 3-октябрда өкмөттүк саат өткөрүлдү, 28-ноябрда өкмөттүк угуу болду, 19-декабрда депутаттык талкуу өткөрүлдү. Демек, “Коопсуз шаарды” ишке ашыруунун маани-максаты эч кимди кайдыгер калтырган жок. Баарыбыздын башкы максатыбыз – каражат топтоо эмес, биринчи кезекте – жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо, балдарыбыздын өлүмүн кыскартуу болду. Бул системалар аркылуу жарандардын айдоочулук маданиятына түздөн-түз таасир этүү, адам өмүрүнө карата айдоочулардын жоопкерчиликтерин сездирүү болду. Бүгүн жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны 44,4% кыскарды, жолдо жүрүү эрежелерин бузгандар 37,5% кыскарды. Бул иштер улантылат. Алдыда анын өлкө аймактарындагы кийинки баскычтарын ишке ашыруу милдети турат", - деп жыйынтыктады Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий