• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт Ботаникалык бактын сугат тутумунда болгон маселесин чечүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы Ботаникалык багы» илимий-изилдөө институтунун ирригациялык тутумунда болгон маселесин шаардык кызматтардын катышуусунда жеринде карап чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бактын аймагын карап чыккан соң тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилген.

Анын ичинде Бишкек шаардык мэриясына дренаждык каналды Түштүк ЧЧКны бойлоп батышты көздөй (7-апрель көчөсүнөн Аламүдүн дарыясына чейин) отоо чөптөрдөн тазалоого көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Ошондой эле «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы А.Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ноону бир күндүк мөөнөттө иретке келтирип, ага түшкөн сууну көбөйтүүгө тийиш.

Муну менен бирге Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына ирригациялык канал катары колдонуу үчүн Ботаникалык бакка эски ноолорду (өз алдынча алып кетүү жолу менен) өткөрүп берүү мүмкүндүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Маалымдама: И. Ахунбаев көчөсү 1а дарегинде жайгашкан Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын аянты 150 гектарды түзөт. Бактын коллекциялык фондуна өсүмдүктөрдүн 5 миңге жакын сорттору жана түрлөрү кирет.

Пикир

Оставить комментарий