• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт: Бул жылы билим берүү чөйрөсүнө 29,3 млн сом каралган. Анын 74,8% айлык акыга жумшалат

Өкмөт 0

Бишкек, 24.08.19. /Кабар/. 2019-жылы республикалык бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29,3 млн сом каралган. Анын 74,8% (жогорку окуу жай жана изилдөө институттарын кошпогондо) 120 миң кызматкердин айлык маянасына жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандын билим берүүдөгү заманбап багыттары» аттуу Кыргыз Республикасынын август педагогикалык кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөрүн билдирген.

Эмгек акысын көтөрүү төмөнкүлөргө тийиштүү:

- жалпы билим берүү уюмдарынын 77 миң 860 мугалими;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 7 миң 694 тарбиячысы;

- кесиптик-техникалык окуу жайлардын 3 миң 680 өндүрүштүк окутуу мастери;

- орто кесиптик окуу жайлардын 7 миң 427 окутуучусу (училище, колледждер);

- билим берүүнүн башка 23 миң 339 кызматкери.

Эмгек акы төлөө фондунун көрсөтүлгөн суммасынын 69% педагогикалык кызматкерлерге жана 11,5% административдик-башкаруу кызматкерлерине (окутуу-тарбиялоо кызматкерлери) төлөнөт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2019-жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгын 30%га көтөрүү сунушталууда.

Айрым билим берүү уюмдарынын адистик диплому бар педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысын магистрдик программа боюнча жогорку билими бар кызматкерлердин айлык маянасына теңештирүү («Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, адистик жана магистр диплому бирдей күчкө ээ. Анда белгиленгендей, «Магистр - аспирантурага өтүүгө жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү академиялык деңгээли», ал эми «Адистик - жогорку окуу жайдан кийинки билим берүүнүн тиешелүү түрлөрү боюнча квалификацияны жогорулатууга укук берүүчү кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли»).

Пикир

Оставить комментарий