• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт бузуулардын Бирдиктүү реестрин түзүүнүн үстүндө иштөөдө

Өкмөт 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Бузуулардын Бирдиктүү реестрин түзүү чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери (Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинин 40 жана 41-беренелери) менен бузууларды каттоо маселелерин жөнгө салуу, бузууларга барган жарандарды каттоо бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ыкчам макулдашуу жана коомдук талкууну уюштуруу процедураларын өткөрүү тапшырылды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Муну менен бирге 2018-жылдын 25-июнуна чейинки мөөнөттө ББР киргизүүнүн техникалык тапшырмалары, техникалык-экономикалык негизи иштелип чыгып, бекитилет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилерине:

- 2018-жылдын 20-июнуна чейинки мөөнөттө тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинде белгиленген ченемдерге дал келүүсүн жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда талдоо;

- ББР киргизүү боюнча курамына милдеттүү түрдө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы адистерди киргизүү менен жумушчу топторду түзүү;

- 2018-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ББР (компьютердик жана сервердик жабдуулар, байланыш каналдары, тейлөө) киргизүүгө зарыл финансылык-экономикалык эсеп каражаттарын берүү тапшырылды.

Бул бузууларды электрондук эсепке алуу тутуму каралган иштердин ачыктыгын жогорулатып, мамлекеттик башкаруу тутумундагы коррупциянын деңгээлин кыйла төмөндөтөт.

Жөнгө салынбаган келишпестиктер келип чыккан шартта мамлекеттик органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүн токтоосуз маалымдоосу кажет.

Пикир

Оставить комментарий