• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт: Чек ара чыры боюнча сүйлөшүүлөр эртең уланат, кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Коом 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыккан окуя боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан биргелешкен кайгуул күзөтүүнү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Окуя орун алган учурдан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүп, жеринде чыңалууну жана конфликттин курчушуна алып келбөө боюнча жалпы координация жүргүзүп, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, эртең, 1-июнда тараптар сүйлөшүүлөрдү улантат. Жергиликтүү элге коомдук тартипти сактоого жана чек ара кызматташтыгы менен коңшулук алаканы бекемдөөгө багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тургундар конфликт болгон аймактан чыгып кетишти. Кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий