• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөт Чу дарыясынын жээгинде кум, таш алып иштеген ишканаларга уруксат кагаздардын берилишин катуу көзөмөлгө алат

Өкмөт 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Чүй облусунун аймагынан агып өткөн Чу дарыясынын жээгинде кум, таш, шагыл алып иштеген ишканаларга уруксат кагаздардын берилишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан катуу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 5-апрелде, суунун көбөйүшүнөн улам Чу дарыясынын жээгинде кыргыз-казак чек арасындагы аймактарды суу каптоо коркунучунун алдын алуу боюнча өткөн жыйында билдиргенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздөө бөлүмүнөн маалымдады.

Биринчи вице-премьер-министр суунун көбөйүшү менен дарыянын жээгин бекемдөө иштери уланып жаткан учурда, айрым ишканалардын уруксат кагазына шылтап жээкти жырып, анын натыйжасында суунун нугу өзгөрүп жатканын сынга алды.

«Азыркы тапта Өкмөт жээктерди бекемдөө иштерине Кыргыз Республкиасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 200 млн сом бөлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн ишти өз убагында бүткөрүүнү талап кылып жатат. Ошол эле убакта лицензиясы бар деген ишканалар жээктеги кум, таш, шагылдарды алып өз пайдасынын камын көрүү менен, мамлекеттик бюджетке чыгаша алып келүүдө. Бул аракеттерди тез арада текшерип, керек болсо алардын уруксат кагаздарын алып коюш керек»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кооптуу аймактар тууралуу толук маалымат берди.

Ошондой эле мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Уларбек Шаршеев да маалымат берип, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы» жөнүндөгү мыйзамы боюнча чек арадан 50 метр аралыкта эч кандай ишмердүүлүк жүргүзүлбөшү керектигин кошумчалады.

Кум, таш, шагыл ташыган ишканалардын ишмердүүлүгүнөн улам дарыянын боюндагы кыргыз-казак чек арасындагы жерге доо кетирүү коркунучу бар.

Соңунда Мухаметкалый Абулгазиев тиешелүү мамлекеттик оргадарга Чу дарыясынын жээгинде иш алып барып жаткан ишканалардын уруксат кагаздарын тез арада текшерүү жана жээктерди бекемдөөгө зыян келтирилген фактылар аныкталса, алардын уруксат кагаздарын алуу боюнча тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий